Көп берилүүчү суроолор
Бир нерсени жүктөп, орнотуу керекпи?+
Жок. SabaktarAI браузерде иштейт — компьютерде да, телефондо да. Шилтемени ачып, катталсаңыз жетиштүү.
Кайсы тилдерде иштейт?+
Интерфейс кыргыз жана орус тилдеринде. Сабак пландары, КТП жана тесттер кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлөт.
Кыргызстандын окуу программасына ылайык келеби?+
Пландар КР Мамлекеттик билим берүү стандартынын түзүмү боюнча түзүлөт: максаттар, күтүлүүчү натыйжалар, баалоо критерийлери жана дескрипторлор, үч деңгээлдеги тапшырмалар. Предметтик стандарттын кодун өзүңүз жазасыз — AI коддорду ойлоп чыгарбайт.
Үй тапшырмаларынын сүрөттөрү менен эмне болот?+
Сүрөт текшерүү үчүн гана жөнөтүлөт жана сакталбайт. Бир эле учурда 30 ишке чейин тандай аласыз.
Окуучулар оюндарга кантип кошулат?+
Мугалим экранга QR-код жана PIN чыгарат. Окуучулар телефон менен сканерлеп, атын жазып эле кирет — катталуу жана колдонмо орнотуу кереги жок.
Интернет керекпи?+
Ооба, AI генерациясы жана оюндар үчүн интернет керек. Даяр пландарды жана тесттерди PDF кылып сактап, интернетсиз колдоно аласыз.
Канча турат?+
Акысыз — 20 AI-генерация. «Мугалим» — 30 күнгө 1500 сом. «Мектеп» — бир мугалимге 30 күнгө 1000 сом. Окуу жылынын аягына чейин бир төлөсөңүз — 15% арзан.
Акча автоматтык түрдө алынабы?+
Жок. Автоматтык узартуу жок — мөөнөт бүткөндө узартууну өзүңүз чечесиз.
Алынган натыйжаны оңдосо болобу?+
Ооба. Сабак планын «Оңдоо» баскычы менен, КТПнын ар бир уячасын түз эле таблицада оңдойсуз.
Мектеп кантип кошулат?+
«Мектептерге» бетинде арыз калтырыңыз — биз чалып, мугалимдердин аккаунттарын ачабыз жана 30 мүнөттүк окутуу өткөрөбүз.